Эксперттер тобу Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын алкагындагы "Экономикалык ишмердүүлүктөгү таза энергия жөнүндө" моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты
Дата
Көрүү
161
2025-жылдын 11-февралында "Экономикалык ишмердүүлүктөгү таза энергия жөнүндө" моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттер тобу акыркы, үчүнчү онлайн жыйынын өткөрдү. "Экономикалык ишмердүүлүктөгү таза энергия жөнүндө" моделдик мыйзам долбоору ТҮРКПАнын 2023-2028-жылдарга карата стратегиялык жол картасына ылайык Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 2025-жылга Иш-аракеттер планынын алкагында иштелип чыккан.
ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн жана Катчылыктын өкүлдөрүнөн турган эксперттер тобу 2025-жылдын 21-январында алгачкы жыйынын өткөргөн. Ачылыш сөзүн Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов жасаган. Өз сөзүндө Адуов мырза түрк дүйнөсүндөгү интеграциялык процесстерди колдоо үчүн ТҮРКПА аймагында жалпы укуктук мейкиндикти түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Эксперттер тобу жогоруда аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жалпысынан үч онлайн жыйын өткөрүштү. Жыйындар документтин долбоору боюнча пикир алмашууга арналды. Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын катчысы Бауыржан Даткаев алып барган жыйындардын жүрүшүндө эксперттер бул маселе боюнча өздөрүнүн конструктивдүү сунуштарын айтышты. Үчүнчү жыйында топ 2025-жылдын 25-февралында Түркияда өтө турган Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын жыйынында карала турган документтин акыркы нускасын иштеп чыкты.
"Экономикалык ишмердүүлүктөгү таза энергия жөнүндө" моделдик мыйзам долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык конвенциясынын алкагында кабыл алынган Париж келишиминин жоболорунда белгиленген максаттарга жетүү үчүн ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде экономикалык ишмердүүлүктө таза энергияны пайдаланууну колдоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салууга багытталган.