Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясы өзүнүн он биринчи жыйынын өткөрдү
Дата
Көрүү
167
2024-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин уюштуруусунда “ТҮРКПАга мүчө-мамлекеттердин соода миссиялары: улуттук экономиканы чыңдоо жана биргелешкен экономикалык кызматташууга көмөк көрсөтүү” деген темада Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын он биринчи жыйыны болуп өттү.
Отурумду (онлайн форматта) Комиссиянын Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Анас Баккожаев алып барды. Ачылыш аземинде Комиссиянын Төрагасы Анас Баккожаев жана Комиссиянын башка мүчөлөрү – Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөлөрү Агалар Велиев жана Фазил Мустафа, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын мүчөсү Нурлан Бекенов (онлайн форматта), Комиссиянын Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Чолпон Султанбекова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү Махмут Рыдван Назирли жана Харун Өзгүр Йылдызлы, ошондой эле Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр сөз сүйлөштү.
Баяндамалардан кийин Комиссия мүчөлөрү күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, жыйындын негизги темасы боюнча пикир алмашышты.
Комиссия негизги тема боюнча отчет жана сунуштамаларды, ошондой эле Комиссиянын алкагында иштелип чыккан жана 2024-жылдын 6-июнунда Азербайжандын Баку шаарында өтө турган ТҮРКПАнын он үчүнчү пленардык отурумунун алкагында сунушталуусу күтүлгөн “Соода миссиялары жөнүндө” жана “Жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын коопсуздугунун жана сапатынын негиздери жөнүндө” моделдик мыйзам долбоорлорун талкуулап, жактырды. Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитетинин төрагасы Куаныш Эликбаев Астанада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 10-саммитинде демилгеленген түрк мамлекеттердин стандарттарын жана терминологиясын системалаштырууга мүмкүндүк берүүчү “Жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын коопсуздугунун жана сапатынын негиздери жөнүндө” моделдик мыйзам долбоорун комиссиянын жыйынында сунуштоо боюнча баяндама жасады.
Комиссия кезектеги жыйынын 2025-жылы Түркияда “Энергетикалык коопсуздук туруктуу экономикалык өнүгүүнүн фактору катары” деген тема алдында өткөрүүнү жана
жана Комиссиянын 2025-жылга иш-аракеттер планынын алкагында 2023-2028-жылдарга стратегиялык жол картасында белгиленген моделдик мыйзамга кошумча, “Транспортту, чек араны жана бажы процедураларын санариптештирүү жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууну чечти.