Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын он экинчи жыйыны болуп өттү
Дата
Көрүү
170
2025-жылдын 25-февралында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын уюштуруусунда "Энергетикалык коопсуздук – экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору" деген темада Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын он экинчи жыйыны онлайн форматта болуп өттү.
Жыйын Комиссиянын Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Анас Баккожаев мырзанын төрагалыгы астында өттү. Ачылыш аземинде Комиссиянын Төрагасы Анас Баккожаев жана Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү Агалар Валиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Дастанбек Джумабеков, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү Махмут Рыдван Назырлы жана Харун Өзгүр Йылдызлы сөз сүйлөштү. Сөз сүйлөөлөрдөн кийин комиссия мүчөлөрү күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, жыйындын негизги темасы боюнча пикир алмашышты. Энергетика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоонун, тажрыйба алмашуунун жана ТҮРКПА аймагында туруктуу энергетикалык инфратүзүмдү түзүүнүн маанисин баса белгилеп, катышуучулар мүчө парламенттердин түрк дүйнөсүндө энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн сырткы жана ички коркунучтарга каршы туруктуу энергетикалык системаларды түзүүдөгү ролун белгилешти.
Комиссия негизги маселе боюнча отчету жана сунуштамаларды, ошондой эле 2025-жылдын 11-12-июнда Казакстандын Астана шаарында өтүүчү ТҮРКПАнын 14-пленардык отурумуна сунуштоо үчүн комиссиянын алкагында иштелип чыккан "Экономикалык ишмердүүлүктөгү таза энергия жөнүндө" моделдик мыйзам долбоорун талкуулап, жактырды.
Комиссия кезектеги жыйынын 2026-жылы Азербайжанда "ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин биргелешкен экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн реалдуулугу жана келечеги" деген тема боюнча өткөрүүнү жана 2023-2028-жылдарга карата стратегиялык жол картада көрсөтүлгөн "Биргелешкен ишкана жөнүндө" моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу чечимин кабыл алды.