Экономикалык кызматташтык боюнча комиссия моделдик мыйзамды иштеп чыгуу боюнча Эксперттик топтун биринчи отурумун өткөрдү
Дата
Көрүү
152
2023-жылдын 2-ноябрында “Жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын коопсуздугунун жана сапатынын негиздери жөнүндө” моделдик мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ онлайн форматта биринчи отурумун өткөрдү. Моделдик мыйзам ТҮРКПАнын 2024-жылга карата иш-чаралар планына ылайык Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын алкагында иштелип чыгат.
Баш катчынын орун басары Талгат Адуов өзүнүн ачылыш сөзүндө ТҮРКПА чөлкөмүндө жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын коопсуздугун жана сапатын жөнгө салуучу мыйзамдарды жакындаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жыйынды Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын катчысы Бауыржан Даткаев алып барды. ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн эксперттери документтин долбоору боюнча өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтып, экинчи жыйынды 2023-жылдын 30-ноябрында өткөрүүнү макулдашышты.