Экинчи Азербайжан улуттук шаар форуму болуп өттү
Дата
Көрүү
164
Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу Сакы Садыков Азербайжан Республикасынын Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун калктуу конуштар боюнча программасы (БУУ-Хабитат) менен биргеликте Бакуда уюштурулган Экинчи Азербайжан улуттук шаар форумунун пленардык отурумуна катышты. Форум 2023-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Азербайжан шаарларынын жумалыгынын алкагында Зангилан жана Баку шаарларында өттү. Иш-чаранын темасы “Туруктуу шаарлар - экономикалык өнүгүүнүн жана теңсиздик менен күрөшүүнүн кыймылдаткыч күчү” болгон.
Форумдун жүрүшүндө дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген делегаттар өсүп жаткан шаарлардагы инфраструктуралык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.
Зангиландагы форумдун ачылышында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев сөз сүйлөп, урбанизация бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси экенин, биринчи кезекте мамлекеттин негизги максаты элдин жашоосу үчүн ыңгайлуу жана мыкты шарттарды түзүү экенин баса белгиледи.
Бакуда өткөн форумдун пленардык отурумунда катышуучуларга Баку шаарында жана бошотулган райондордо ишке ашырылуучу башкы пландары жөнүндө маалымат берилди. Катышуучулар Карабакта бузулган инфраструктураны жана заманбап шаарларды калыбына келтирүү долбоорлору менен да таанышышты.