Дастанбек Жумабеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы болуп шайланды
Дата
Көрүү
125
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы болуп депутат Жумабеков Дастанбек Артисбекович шайланды.
Жогорку Кеӊештин жаӊы төрагасы Дастанбек Жумабеков чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, эл өкүлдөрүн журт кызыкчылыгын коргоо, калк көйгөйүн чечүү, кыргыз парламентинин абыроюн арттыруу, өлкөнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү жаатында мындан ары да биргелешип иш алпарууга чакырды. Ал таза жана калыс иштеп,өз кесиптештеринин ишенимин актоого аракет жасай турганын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин Төрагасын шайлоо 25-октябрда мурдагы парламент спикери Ч.Турсунбеков Төрагалык кызматын тапшырган соң болду.
ТүркПАнын башкы катчысы Ж.Асанов Дастанбек Жумабековго Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланганына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.