TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Чолпон-Ата шаарында ТҮРКПАнын 11-пленардык отуруму болуп өттү

Чолпон-Ата шаарында ТҮРКПАнын 11-пленардык отуруму болуп өттү

Дата
Көрүү
137
2022-жылдын 24-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин уюштуруусунда ТҮРКПАнын 11-биринчи пленардык отуруму болуп өттү. Отурумдун темасы “Парламенттик дипломатия – ишенимдин жана өнөктөштүктүн негизи” болгон. ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов мырза ачылыш сөзүн сүйлөдү. ТҮРКПАга мүчө парламенттердин башчылары – Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова айым, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов мырза, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп мырза, ошондой эле байкоочу катары Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары Шандор Лежак мырза, ал эми коноктор катары Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева айым жана Түркмөнстандын Милли Генгешинин Халк Маслахатынын Төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев мырза Пленардык отурумда сөз сүйлөштү. Иш-чарага парламенттик делегациялар, түрк кызматташтык уюмдарынын башчылары жана өкүлдөрү, байкоочу уюмдар жана Түрк мамлекеттердин уюму (ТМУ), Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Эл аралык Түрк академиясы, Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду, ИКУга мүчө-мамлекеттердин Парламенттик Биримдиги (ИКУПБ), КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы (КМШПАА), Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференция (АӨИЧК) жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети сыяктуу мекемелер катышты. Отурумдун күн тартибинде туруктуу комиссиялардын отчетторун жана сунуштамаларын, “Социалдык ишкердикти өнүктүрүү жөнүндө” моделдик Мыйзамды, шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссияларынын жыйынтыктоочу отчетторун, Ассамблеянын шайлоолорду жана референдумдарды байкоо миссияларынын жыйынтыктоочу отчетторун жана ТҮРКПА комиссияларынын төрагаларын жана төрагалардын орун басарларын шайлоо боюнча отчетторун карап чыгуу жана кабыл алуу орун алган. Он экинчи пленардык отурумду 2023-жылдын апрель айында Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүү чечими кабыл алынган. Пленардык отурум Чолпон-Ата декларациясын кабыл алуу менен аяктады. Парламенттердин башчылары Уюмдун аталышын өзгөртүүдөн келип чыккан тиешелүү түзөтүүлөрдү камтыган Стамбул макулдашуусуна (Ассамблеяны түзүү жөнүндө Макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюшту. Пленардык отурум басма сөз үчүн брифинг менен коштолуп, анын жүрүшүндө парламенттик делегациялардын башчылары он биринчи пленардык отурумдун жыйынтыгын чыгарышты.