Чолпон-Ата шаарында Ассамблеянын кеңешинин отуруму болуп өттү
Дата
Көрүү
148
2022-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулган ТҮРКПАнын Ассамблея Кеңешинин 11-отуруму болуп өттү. Отурумга Кеңештин мүчөлөрү – Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова аыйм, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов мырза, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов мырза, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп мырза, ошондой эле Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза катышты. Жыйындын жүрүшүндө ТҮРКПАга төрагалык кылууну Казакстан Республикасынын Парламентинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөрүп берүү аземи орун алды. Парламенттин башчылары ачылыш сөздөрун сүйлөштү. ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы Талант Мамытов мырза казак кесиптешине Казакстандын төрагалыгынын алдындагы мезгилде мактоого татыктуу ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Кеңеш күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды. Жыйындын жүрүшүндө “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын” аталышын “Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы” деп өзгөртүү чечими кабыл алынды. Кеңеш Ассамблеянын жаңы желегин жана логотибин, ошондой эле парламенттер аралык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын камтыган ТҮРКПАнын 2023-2028-жылдарга Стратегиялык жол картасын бекитти.