"BITES Defence" уюмунун өкүлдөрү ТҮРКПА Катчылыгына баш багышты
Дата
Көрүү
152
2024-жылдын 26-сентябрында "BITES" Коргонуу авиациясы жана космостук технологияларынын Башкы директору Жемил Сагыроглу жетектеген делегация ТҮРКПАнын Катчылыгына келип, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен жолугушту.
Сапардын жүрүшүндө "BITES" Башкы директорун Башкы директордун орун басары Юнус Пойраз жана координатор Мурат Д.Эркер коштоп жүрүштү.
Башкы катчы сыйлуу конокторду тосуп алып, Азербайжандын "ADEX" эл аралык коргоо өнөр жайынын жарманкесинин 5-көргөзмөсүнө ийгиликтүү катышуусу менен куттуктады. Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук жана алдыңкы технологияга негизделген коргонуу өнөр жайынын баалуулугу баса белгиленди.
"BITES Defence" үч жыл катары менен "Түркиянын эң ылдам өскөн технологиялык компаниялары" тизмесине кирди. "BITES" аббревиатурасы "Computer Based Education and Training Systems" (Компьютердик билим берүү жана окутуу системалары) дегенди билдирет. Компания авионика, симуляция, маалыматтык технологиялар, анын ичинде кошумчаланган реалдуулук, виртуалдык реалдуулук, автономдуу системалар, жасалма/сүрмө интеллект жана инновациялык адам-машина интерфейстери боюнча эки максаттуу жарандык жана аскердик жогорку технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. "BITES" Түркиянын Куралдуу күчтөрү фонду тарабынан түзүлгөн алдыңкы эл аралык коргонуу электроника компаниясы "ASELSAN"дын туунду компаниясы болуп саналат.