TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Бишкекте ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйыны өттү

Бишкекте ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйыны өттү

Дата
Көрүү
106
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулган ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйыны 2018-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында (Кыргызстан) өттү. Жогорку Кеңештин депутаты, ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасынын жетекчилигинде өткөн 6-жыйын түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү, маданият министрликтеринин өкүлдөрү, кинематографисттер, улуттук киностудиялардын өкүлдөрү, аниматорлор менен киноаналитиктер, эксперттер катышкан семинар менен коштолду. Комиссиянын күн тартибиндеги негизги маселе “Кино жана анимация түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий мурасынын бир бөлүгү катары: мыйзам чыгаруу жана практикалык аспектилер” темасына арналды. ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн парламентчилери түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат айыдыңында кинематография жана анимация тармагынын жайылышы боюнча маселелерге, бул тармактар боюнча улуттук саясатка токтолуп, бул жааттагы улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча сунуш-пикирлерин ортого салышты. Мындан сырткары, парламентчилер Комиссиянын алдыдагы жыйынынын жумушчу планын талкуулап, кино жана анимация жаатындагы мыйзам чыгаруу иштерине байланыштуу сунуштама кабыл алышты. Белгилей кетсек, Комиссия жыйынына Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын делегациялары, аталган өлкөлөрдүн Маданият жана туризм министрликтеринин өкүлдөрү, улуттук киностудияларынын өкүлдөрү жана эксперттери катышты. Күн тартибине коюлган негизги маселе боюнча баяндама жана сунуштама жактырылды. Алар 2018-жылдын ноябрь айында Түркияда өтө турган ТҮРКПАнын 8-пленардык жыйынында кабыл алынмакчы.