Бишкекте ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 5-отуруму өттү
Дата
Көрүү
102
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын 7-пленардык жыйынынын алкагында 2017-жылдын 7-декабрында Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 5-отуруму болуп өттү.
Аталган комиссиянын жыйынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Салайдин Айдаров алпарды. Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Хасан Карал, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаттары Ильхам Алиев, Агалар Валиев, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Берик Оспанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Бактыбек Райымкулов катышты.
Жыйынга төрагалык кылуучу Жогорку Кеӊештин депутаты Салайдин Айдаров ТүркПАга мүчө өлкөлөрлөгү экономиканы диверсификациялоо тууралуу баяндама менен сунуштаманын долбоору боюнча баяндама жасады.
Комиссия мүчөлөрү дүйнө жүзүндөгү өнүгүү жолуна түшкөн мамлекеттер диверсификацияланган экономикага жетүүнү максат кылышаарын белгилшети. Ошону менен катар экономиканы ийгиликтүү диверсификациялоо планы туруктуу саясый эркти, ырааттуу мамлекеттик саясатты жана олуттуу каржылык ресурстарын талап кылаары боюнча пикир алышты.
Талкуу жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү ТүркПАга мүчө өлкөлөрлөгү экономиканы диверсификациялоо тууралуу баяндама менен сунуштаманын долбоорун жактыруу чечимин кабыл алышты.
Мындан сырткары, аталган жыйындын кийинки 6-жыйыны 2018-жылдын октябрь айында Түркия Республикасында өткөрүү боюнча бир чечимге келишти.