Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын алкагында «Мугалимдин статусу жөнүндө» моделдик мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун жыйыны болуп өттү
Дата
Көрүү
160
"Мугалимдин статусу жөнүндө" моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттер тобу 2025-жылдын 4-мартында үчүнчү, жыйынтыктоочу онлайн жыйынын өткөрдү. "Мугалимдин статусу жөнүндө" моделдик мыйзам долбоору ТҮРКПАнын 2023-2028-жылдарга карата стратегиялык жол картасына ылайык аталган комиссиянын 2025-жылга карата Иш-аракеттер планынын алкагында иштелип чыккан.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" моделдик мыйзамдын долбоору ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин билим берүү тутумдарынын ортосундагы эл аралык байланыштардын жакшырылышына, ошондой эле экономикалык, маданий жана социалдык өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү билим берүү процесстерин жакындатуу, мүчө мамлекеттер ортосунда билим берүү тармагындагы укуктук мыйзамдарды шайкеш келтирүүнү максат кылат.
2025-жылдын 30-январында ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн жана Катчылыктын өкүлдөрүнөн турган эксперттер тобу алгачкы жыйынын өткөргөн. Тараптар жазылган мыйзам долбоору боюнча өз ойлорун билдирип, мыйзам долбоорунун ийгиликтүү иштелип чыгышы жөнүндө жакшы ниеттерин билдиришти. Башкы катчынын орун басары Сакы Садыков мырза сөз сүйлөө учурунда мугалимдердин ишмердүүлүгүнө байланышкан бул мыйзам долбоору мугалимдердин укуктук статусун жакшыртып жана чыгармачылыгы үчүн ынгайлуу шарттарды түзүүдө долбоордун маанүүлүгүн баса белгиледи. Жыйындын модератору катары ушул комиссиянын катчысынын милдетин аткаруучу Айгерим Таалайбекова алып барды.
Эксперттер тобу "Мугалимдин статусу жөнүндө" моделдик мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн үч онлайн жыйын өткөрүштү. Жыйындардын жүрүшүндө эксперттер аталган моделдик мыйзам боюнча өздөрүнүн орчундуу, максаттуу сунуштарын беришти. Жыйындар мыйзам долбоору боюнча пикир алмашууга, тараптардын моделдик мыйзам боюнча берилген сунуштарын анализдөөгө, негиздүү сунуштарды кабылдоого арналды. 2025-жылдын 4-мартындагы эксперттер тобу акыркы жыйынын өткөрүп, комиссияга сунушталчу документтин сонку үлгүсүн иштеп чыкты.