Башкы катчы Улутчул кыймыл партиясынын (УКП) Төрагасы менен жолугушту
Дата
Көрүү
147
2025-жылдын 24-октябрында Анкара шаарында Башкы катчы Элчи Рамил Хасан Улутчул кыймыл партиясынын (УКП) Төрагасы жана Түркия Улуттук Жыйынынын мүчөсү Девлет Бахчели мырза менен жолукту.
Хасан мырза Бахчели мырзага Парламенттик Ассамблеянын ишмердүүлүгү, мүчө парламенттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган акыркы демилгелер жана алдыдагы иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Башкы катчы ошондой эле Түрк мамлекеттеринин Тышкы иштер министрликтери, Түрк Мамлекеттер Уюму жана парламенттери ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү боюнча ойлору менен бөлүштү.
Иш-чаралар Казакстандын учурдагы төрагалыгынын алкагында ийгиликтүү улантылып, ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Бахчели мырза ыраазычылыгын билдирип, ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүн жана институттук мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган ойлор менен сунуштарды толук колдоорун билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түрк мамлекеттеринин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ТҮРКПАнын Түрк дүйнөсүндө биримдикти жана жалпы баалуулуктарды илгерилетүүчү платформа катары ролун жогорулатуу боюнча пикир алмашышты.
Башкы катчыны анын орун басарлары Талгат Адуов жана Мухаммет Алпер Хаяли коштоп жүрүштү.