TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Башкы катчы ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

Башкы катчы ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

Дата
Көрүү
147
2023-жылдын 18-19-июнунда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жана ТҮРКСОЙ биргелешип уюштурган Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты. 18-июнда катышуучулар Өзбекстандын мамлекеттик көркөм өнөр музейинде сүрөт, фотосүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө, ошондой эле түрк элдеринин улуттук тамак-аштарынын үлгүлөрү менен таанышты. 19-июнда ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн эл артисттеринин катышуусунда майрамдык гала-концерт болуп өттү. Концерттик программаны Өзбекстан Республикасынын Президентинин Мамлекеттик кеңешчиси Хайриддин Султанов ачып, ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгына карата Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Иш-чарада Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков да сөз сүйлөдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Назарбеков мырза Түрк дүйнөсүнө кошкон баалуу салымы жана кызматы үчүн ТҮРКСОЙдун Алтын төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султанбай Раев тапшырды. Өзбекстан Республикасынын эмгек сиңирген мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлери да юбилейлик төш белгилери менен сыйланышты. Концерттик программа түрк элдеринин улуттук ыр-бийлери менен уланды.