Башкы катчы Түркиянын Парламентинин Төрагасы менен жолугушту
Дата
Көрүү
138
2021-жылдын 16-декабрында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп Анкара шаарына расмий сапар менен келген Башкы катчыны кабыл алды.
Улуттук Парламенттин Төрагасы Эр мырзаны ТҮРКПАнын Башкы катчысы кызматына киришүүсү менен куттуктап, бул кызматта ийгиликтерди жана уюмдун мындан аркы ишмердигинде бардык жакшылыктарды каалады. Өз кезегинде Башкы катчы ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүндөгү ТУУЖдун маанилүү ролун баса белгиледи.
Тараптар ТҮРКПАнын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгүн талкуулашып, уюмдун максаттары жана милдеттери боюнча пикир алмашышты.