TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Башкы катчы Түркия Президентинин Башкы кеңешчиси менен жолугушту

Башкы катчы Түркия Президентинин Башкы кеңешчиси менен жолугушту

Дата
Көрүү
127
2022-жылдын 1-мартында Башкы катчы Түркия Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу мырзага сылык сапары менен барды. Топчу мырза Сүрейя Эр мырзаны ТҮРКПАнын Башкы катчысы кызматына киришүүсү менен куттуктап, ишмердигинде ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Эр мырза жылуу каалоо-тилектери үчүн Топчу мырзага ыраазычылыгын билдирип, мүчө парламенттердин өз ара аракеттенүүсү жана Ассамблеянын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берди. Тараптар түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын келечеги боюнча пикир алмашышты. Эмгеги улуттук идеалдарга арналган белгилүү маданий жана саясий ишмер Ялчын Топчу мырза Президенттин Башкы кеңешчиси болуп дайындалганга чейин Түркия Республикасынын 63-Өкмөтүнүн тушунда көз карандысыз маданият жана туризм министри кызматында иштеген.