Башкы катчы Түркия парламентинде жолугушууларды өткөрдү
Дата
Көрүү
127
ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов 2018-жылдын 20-февралында Анкарага жасаган иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы, Түркия-Казакстан парламент аралык достук тобунун төрагасы Халук Ипек, Түркия парламентинин депутаты Түркия-Кыргызстан парламент аралык достук тобунун төрагасы Себахаттин Каракелле жана Түркия парламентинин депутаты Түркия-Түркменистан парламент аралык достук тобунун төрагасы Метин Гүндогду менен жолугушууларды өткөрдү.
Башкы катчы А.Мамаюсупов парламентчилерге Катчылыктын 2018-жылдагы иш аракеттери жана ТҮРКПАнын 10 жылдыгына арналган иш чаралары тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге ал мүчө өлкөлөр ортосундагы кызматташтык менен интеграцияга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар ошону менен бирге Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу да пикир алышышты.
Белгилей кетсек жолугушууларга ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Али Йылдыз да катышты.