TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Башкы катчы Түрк мамлекеттердин Венгриядагы элчиликтери тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышты

Башкы катчы Түрк мамлекеттердин Венгриядагы элчиликтери тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышты

Дата
Көрүү
142
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Хун-Түрк Курултайына катышуу үчүн Венгрияга жасаган иш-сапарынын алкагында 2024-жылдын 8-9-августунда Будапештте түрк мамлекеттердин элчиликтери тарабынан уюштурулган иш-чараларына катышты. 8-августта Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилиги Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында маанилүү этап болуп саналган Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кабыл алуу өткөрдү. 9-августта Түркия Республикасынын Венгриядагы элчилиги 2024-жылдагы Хун-түрк Курултайына карата кабыл алуу өткөрдү. Ушул эле күнү казак акыны жана ойчул Абайдын Будапешттин шаардык паркында жайгашкан эстелигинин жанында Абай күнүнө карата эскерүү аземи уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар сөз сүйлөп, Абайдын эстелигине гүл коюшту жана Абайдын ырлары казак жана венгр тилдеринде окулду. Түрк мамлекеттердин элчиликтери уюштурган иш-чараларга түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.