Башкы катчы Түрк маданияты жана мурасы фондунда китептин бет ачар аземине катышты
Дата
Көрүү
162
2024-жылдын 9-декабрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр белгилүү кыргыз жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Султан Раев жазган “Дашгын” (“Ташкын”) китебинин бет ачар аземине катышты. Бет ачар аземи Бакудагы Түрк маданияты жана мурасы фондунда өттү.
Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, парламент мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, маданият жана коомдук ишмерлер катышты.
Иш-чараны Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Актоты Райымкулова ачып, "Дашгын" китеби фонд тарабынан тартууланган 17-басылма экенин белгиледи. Ал Фонддун материалдык жана материалдык эмес маданиятка багытталган демилгелери аркылуу түрк мурастарын сактоо аракетин баса белгиледи. Бул багытта Фонд "Түрк дүйнөсүнүн улуу инсандары", "Түрк дүйнөсүнүн адабий казыналары", "Түрк дүйнөсүнүн илимий берметтери" аттуу үч китеп сериясын түздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын Маданият министри Адил Каримли, Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынын Президенти Иса Хабиббейли, Кыргызстандын Азербайжан Республикасындагы Элчиси Максат Мамытканов, Азербайжандын эл жазуучусу Чингиз Абдуллаев, Азербайжандагы Ататүрк борборунун директору Низами Жафаров жана Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Жаваншир Фейзиев Нухтун Ташкын суусун заманбап контекстте кайра элестетип, коомдун интернетке аралашуусун символдоштуруп, жасалма интеллект көйгөйлөрүн изилдеген Султан Раевдин "Дашгын" романы боюнча ой жүгүртүп сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын соңунда Султан Раев сөз алып, китептин негизги концепциясы жана азыркы учурдун актуалдуулугу тууралуу ой бөлүштү. Ал ошондой эле басылманын жарык көрүшүнө салым кошкондордун баарына терең ыраазычылык билдирди. Спектакльден кийин Баку шаардык театрынын белгилуу актрисасы, эмгек сицирген артист Усния Мурватова романдан бир үзүндү окуп, көрүүчүлөрдү суктандырды.