Башкы катчы Түрк академиясынын Президенти менен жолугушту
Дата
Көрүү
129
2021-жылдын 23-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырза Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали мырза менен жолугушту.
Башкы катчы академиянын жаңы имараты жана Түрк элдеринин байыркы археологиялык баалуу табылгалары жайгашкан музейи менен таанышты.
Мехмет Сүрейя Эр мырза Түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоочу факторлордун бири катары Түрк академиясынын маанилүү ролун баса белгиледи.
Тараптар тиешелүү тармактарда өз ара кызматташтык жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.