Башкы катчы ТИКАнын Президенти менен жолугушту
Дата
Көрүү
126
2022-жылдын 28-февралында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза Түрк Кызматташтык жана Координациялык Агенттигине (ТИКА) сылык сапары менен барып, ТИКАнын Президенти Серкан Каялар мырза менен жолугушту.
Каялар мырза Башкы катчыны кызматка киришүүсү менен куттуктап, келечектеги иштерине йигиликтерди каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар келечектеги кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.
ТИКА — 1992-жылы Советтер Союзу тарагандан кийин Борбордук Азия жана Кавказдагы Түрк мамлекеттерине техникалык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн уюм. Бирок 2002-жылдан бери Түрк өкмөтүнүн көп тараптуу тышкы саясатына ылайык, Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын дээрлик бардык өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүн камтуу максатында ТИКА жардам көрсөтүү боюнча ишмердүүлүгүн кеңейтип келүүдө. Бүгүнкү күндө ТИКА 5 континенттеги 60 өлкөдө жайгашкан 62 программаларды координациялоо өкүлчүлүгү аркылуу 150дөн ашуун өлкөдө ишмердигин жүргүзүп келе жатат.