Башкы катчы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен жолугушту
Дата
Көрүү
127
2022-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Башкы катчыны кабыл алды.
Казакбаев мырза Эр мырзаны кызматына киришүүсү менен куттуктап, Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо багытында парламенттик дипломатиянын институту катары ТҮРКПАнын маанилүү ролун белгиледи.
Министр ошондой эле бир тууган Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгрия парламенттеринин кошулушу менен ТҮРКПАны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Башкы катчы Казакбаев мырзага ыраазычылыгын билдирип, уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана 2022-жылга пландаштырылган иш-чаралар, анын ичинде 2022-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда болуп өтө турган 11-Пленардык жыйынга даярдыктар жөнүндө маалымат берди.