Башкы катчы Кыргыз Республикасынын БШКсынын төрагасы менен жолугушту
Дата
Көрүү
170
2025-жылдын 26-июнунда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров менен жолугушту. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын БШКсы тарабынан уюштурулган Ысык-Көл шайлоо форумунун алкагында өттү.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТҮРКПА делегациясынын форумга катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныш экендигин белгиледи.
Шайназаров мырза Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кызматын аткарып турган учурунда парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "ТҮРКПАнын он жылдыгы" медалы менен сыйланганын жана бул сыйлык менен азыркы күндө да сыймыктанып келе жатканын белгиледи.
Ал биргелешкен аракеттер Кыргыз Республикасында ачык жана адилеттүү шайлоолорду өткөрүүгө өбөлгө түзгөнүн айтты.
БШК төрагасы ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн жана анын алкагында кызматташууну улантуунун баалуулугун баса белгилеп, зарыл болгон ар кандай колдоого же көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Кыргыз Республикасынын БШКсына жылуу меймандостугу жана форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
Башкы катчы ТҮРКПАнын 2024-жылы өткөн Ысык-Көл шайлоо форумуна, ошол эле учурда шайлоого байланыштуу бир катар башка иш-чараларга да катышып келе жатканын эске салды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын БШКсы жүргүзүп жаткан ачык-айкын жана адилеттүү шайлоо процесстери башка өлкөлөр үчүн үлгү боло алаарын баса белгиледи.
Башкы катчы келечекте биргелешкен аракеттер менен чоң ийгиликтерге жетээрине ишенимин билдирип, ТҮРКПАнын делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушууга ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын катчысы Айгерим Таалайбекова жана ТҮРКПА Катчылыгынын Укуктук маселелери боюнча адиси Азер Маммадов да катышты.