Башкы катчы Казакстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары менен жолугушту
Дата
Көрүү
127
2021-жылдын 23-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сурейя Эр мырза Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев мырза менен жолугушту.
Тышкы иштер министринин орун басары Башкы катчыны ТҮРКПАнын 13 жылдык мааракеси менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Тараптар кызматташтык маселелерин талкуулап, Казакстандын төрагалыгынын астында Ассамблеянын мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашышты.
Өз кезегинде Башкы катчы Казакстандын Биринчи Президенти – Элбашы Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн Түрк кызматташтык уюмдарынын кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары өткөн мезгилде ТҮРКПАнын олуттуу жетишкендиктерине токтолуп, Казакстан Ассамблеянын ишмердүүлүгүн мындан ары да ар тараптуу колдоорун баса белгиледи.