TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Башкы катчы Казакстан Республикасынын БШКсынын төрагасы менен жолугушту

Башкы катчы Казакстан Республикасынын БШКсынын төрагасы менен жолугушту

Дата
Көрүү
160
2025-жылдын 13-майы Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Нурлан Абдиров менен жолугушту. Жолугушуу Башкы Катчынын Казакстандын Түркстан шаарына, Түрк мамлекеттеринин уюмдарынын мүчө мамлекеттеринин Борбордук Шайлоо органдарынын (АРСЕА) консультативдик платформасы жөнүндөгү Жобого кол коюу аземине катышуу үчүн болгон сапарынын учурунда өттү. БШКнын төрагасы Нурлан Абдиров ТҮРКПАнын делегациясы менен учурашып, ТҮРКПАнын Башкы катчысынын бул иш-чарада катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Абдиров мырза Борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасын (APCEA) түзүү Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен башталганын, аны түрк мамлекеттердин бардык башчылары колдогонун белгиледи. Шайлоо жаатында ар бир түрк мамлекеттин өз тажрыйбасы бар экенин белгилеген БШК төрагасы платформа жолугушуулары жана тажрыйба алмашуу бардык түрк мамлекеттер үчүн пайдалуу болорун баса белгиледи. Ал ТҮРКПАнын шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүүгө катышуусуна токтолуп, ТҮРКПАнын эл аралык түзүм катары маанилүү ролун белгиледи. Абдиров мырза Борбордук шайлоо органдарынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин Түркстан шаарына болгон иш-сапарынын программасы тууралуу да маалымат берди. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр иш-чарага катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору жана Хожа Ахмет Ясавинин мекени болгон Түркстан шаарына дагы бир жолу келүү мүмкүнчүлүгүнө кубанычын билдирди. Ал ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнүн бир багыты катары шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүүсүнө токтолуп, ТҮРКПАнын байкоочуларынын миссияларынын максаты шайлоо жана референдумдардын улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайыктуулугун баалоо, ошол эле учурда демократиялык баалуулуктарды алдыга жылдырууга көмөктөшүү экендигин билдирди. Башкы катчы иш-чаранын бай жана мазмундуу программасын белгиледи. Ал платформаны түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул шайлоо жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө түрткү берерин айтты. Жолугушууга Казакстан Республикасынын БШКсынын мүчөсү Асылбек Смагулов жана ТҮРКПАнын Катчылыгынын кызматкерлери Азар Мамедов жана Шахида Мехдиева катышты.