Башкы катчы Казакстан Парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басары менен жолугушту
Дата
Көрүү
125
2021-жылдын 23-ноябрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басары Аскар Шакиров менен жолугушту.
Сенаттын Төрагасынын орун басары Башкы катчыны кызматына киришүүсү менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Шакиров мырза уюмду мындан ары да өнүктүрүүнүн жана Катчылыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ТҮРКПАнын алкагында парламенттик кызматташуунун сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлөөрүнө ишенимин жана Ассамблеянын ишмердүүлүгүн ар тараптуу колдоого даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде Башкы катчы Шакиров мырзаны ЕККУ ПАнын Вице-президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеген Башкы катчы Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Элбашы Нурсултан Назарбаевдин Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы интеграциялык процесстериндеги маанилүү ролун жана кошкон эбегейсиз салымын белгиледи.
Тараптар Түрк кеңешинин атын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүүнүн жана “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040” документинин кабыл алынышынын маанисин баса белгилешти.