TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Башкы катчы Азербайжандын диаспора боюнча мамлекеттик комитетинде болду

Башкы катчы Азербайжандын диаспора боюнча мамлекеттик комитетинде болду

Дата
Көрүү
117
2019-жылдын 8-апрелинде ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов Азербайжан Республикасынын диаспоралар менен иш алып барган мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Валех Гаджиев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Башкы катчы Азербайжан диаспора маселеси боюнча ийгиликтүү саясат жүргүзүп жатканын белгилеп, келечекте биргеликте иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошону менен бирге ал чет өлкөлөрдө жашаган түрк тилдүү элдерди бириктирүү платформасы тууралуу да пикир алышты. Өз кезегинде төрага орун басары Түрк тилдүү өлкөлөр менен биргеликте аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, диаспора боюнча маселелердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өлкөлөр күч аракеттерин бириктирүү керектигин баса белгиледи.