Башкы катчы Анкарада бир катар жолугушууларды өткөрдү
Дата
Көрүү
113
2019-жылдын 4-5- ноябрында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов Анкарада Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары доктор Сердар Чам, Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) президентинин милдетин аткаруучу Серкан Каялар, Чет жерде жашаган түрктөр жана жамааттар менен иш алып баруу уюумунун башчысы Абдулла Эрен жана Юнус Эмре институтунун президенти профессор, доктор Шереф Атеш менен жолугушууларды өткөрдү.
Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган жана келечекте кызматташуунун маанилүү аспектилерин талкуулашты.