Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов АӨИЧКнын Аткаруучу директору Кайрат Сарыбай менен жолугушту
Дата
Көрүү
134
2021-жылдын 11-октябрында Нур-Султан шаарында АӨИЧК Тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынынын алкагында Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов мырза АӨИЧКнын Аткаруучу директору Кайрат Сарыбай мырза менен жолугушту.
Жоыйындын жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди талкуулашты. ТҮРКПА менен АӨИЧКнын ортосундагы кызматташтыктын конкреттүү механизмдерин кеңири колдонуу боюнча талкуу жүргүзүп, Башкы катчы АӨИЧКнын ишмердүүлүгүнүн алкагында түзүлө турган Аналитикалык борборунун форуму менен өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар кызматташуунун келечеги жана мүмкүн болгон биргелешкен иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.