TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Башкы катчы АК партиясынын Төрагасынын биринчи орун басары менен жолукту

Башкы катчы АК партиясынын Төрагасынын биринчи орун басары менен жолукту

Дата
Көрүү
150
2025-жылдын 24-октябрында Башкы катчы Элчи Рамил Хасан Анкара шаарындагы АК партиясынын борбордук кеңсесинде Адилет жана өнүгүү партиясынын (АК партия) Төрагасынын биринчи орун басары жана Бурсадан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Эфкан Ала мырза менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТҮРКПА менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ортосундагы кызматташтыктын жүрүшүн жана Түрк мамлекеттеринин парламенттер аралык диалогун чыңдоого багытталган келечектеги демилгелерди талкуулашты. Рамил Хасан мырза Түркиянын ТҮРКПАга көрсөткөн туруктуу колдоосун баса белгилеп, Эфкан Ала мырзага уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана алдыдагы долбоорлору тууралуу маалымат берди. Башкы катчыны анын орун басарлары Талгат Адуов жана Мухаммет Алпер Хаяли коштоп жүрүштү.