TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Башкы Катчы 20-январь шейиттеринин элесине таазим этти

Башкы Катчы 20-январь шейиттеринин элесине таазим этти

Дата
Көрүү
165
2025-жылдын 19-январында Башкы Катчы Мехмет Сүрейя Эр Бакудагы Шейиттер аллеясына барып, Азербайжандын эгемендүүлүгү жана көз карандысыздыгы үчүн өмүрүн курмандыкка чалып, шейит кеткен баатырлардын элесине таазим этти. Башкы катчы 20-январь шейиттеринин көрүстөндөрүнө гүлчамбар койду. "Кара январь" катары билинген 1990-жылдын 20-январындагы кайгылуу окуя - ССРСнин жетекчилигинин буйругу менен күнөөсүз адамдар, анын ичинде аялдар, балдар жана карылар Баку жана ага жакын аймактарда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн күн. Азербайжан элинин көз карандысыздык үчүн күрөшүндө чоң бурулуш жасаган учур болгон. Шейиттер аллеясы Азербайжан элинин эркиндик жана улуттук эгемендүүлүк жолундагы кайраттуулугу менен сынбас рухунун түбөлүктүү символу болуп кала бермекчи.