TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Баш катчы “Түркстан – түрк дүйнөсүнүн бешиги” аттуу жаштар саммитинде чыгыш кылды

Баш катчы “Түркстан – түрк дүйнөсүнүн бешиги” аттуу жаштар саммитинде чыгыш кылды

Дата
Көрүү
146
2021-жылы 22-июнда Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов “Түркстан – түрк дүйнөсүнүн бешиги” аттуу жаштар саммитинин пленардык сессиясында онлайн форматында чыгыш кылды. Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүгүү министрилиги колдоосу менен уюштурулган иш-чара түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш лидерлери менен активисттерди бирге чогултту. Саммиттин пленардык сессиясында Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашымбаев, Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева жана Түрк кызматташтык уюмдардын башчылары чыгыш кылышты. Маулен Ашымбаев түрк дүйнөсүнүн тарыхында Түркстандын өзгөчө ролун белгиледи. Ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасындагы кызматташтыкта жаштар катышуусунун маанилүүлүгүн жөнүндө айтты жана илим менен технология өнүгүү заманында жаштардын залкар цивилизациянын муундары жана өкүлдөрү катары олуттуу жооптулуугу бар экендигин белгиледи Өз чыгышында Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти – Элбашы Нурсултан Назарбаевдин жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин түрк маданияты менен мурасын илгерилөө жана глобалдык көрсөтүүдө аракеттерине байланыштуу Түркстандын учурдагы ылдам өнүгүүсүн белгиледи. Анын айтымында, ТҮРКПА чечим кабыл алуу процессинде жаштардын активдүү катышуусуна өзгөчө маани берет, ошондой эле мүчө өлкөлөрдүн арасындагы кызматташтыкты мындан ары өнүгүүсүндө айрыкча жаштардын ролун баса белгиледи.