TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Баш катчы Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Баш катчы Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Дата
Көрүү
115
2021-жылы 4-майда Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту. Ошондой эле жолугушууга Түркиянын Улуу Улуттук Ассамблеясынын депутаты, ТҮРКПА Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын Төрагасынын орун басары Режеп Шекер катышты. Тараптар кыргыз-тажик ортосундагы кагылыш көптөгөн жарандардын өлүмүнө жана жарадарга алып келгени жөнүндө, ошондой эле бул контекстинде мүмкүн болгон жардам көрсөтүү жөнүндө талкуулашты. Айрыкча Баш катчы ушул чек-ара кагылышка алып келген жагдайлар жөнүндө маалымдады. Өз кезегинде, Кыран мырза Түркиянын ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин ырастады. Жолугушуунун жүрүшүндө түрк институционалдык кызматташтыгынын алкагындагы өз ара аракеттер жөнүндө да талкууланды.