Баш катчы Түркиянын Айлана-чөйрө жана урбанизация министри менен жолугушту
Дата
Көрүү
114
2021-жылы 5-майда Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Түркиянын Айлана-чөйрө жана урбанизация министри Мурат Курум менен жолугушту. Белгиленген жолугуш Түркиянын Улуу Улуттук Ассамблеясынын депутаты, ТҮРКПА Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар Комиссиясынын Төрагасынын орун басары Режеп Шекердин катышуусу менен өттү.
Баш катчы министрге Ассамблеянын иши, айрыкча Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар Комиссиясынын иш-чаралы жана башка министрликтер, институттар менен өз-ара аракеттенүү жөнүндө маалымдады.
Тараптар чек арадагы кагылышуудан кийинки Кыргыз Республикасындагы кырдаалды жана бузулган үйлөр менен инфраструктуранын калыбына келтирүүсүнө Түркиянын жардамын талкуулашты.
Министр бир тууган кыргыз элине керектүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.