Баш катчы Анталья дипломатиялык форумуна катышты
Дата
Көрүү
122
2021-жылы 18-20-июнда Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов “Инновациялык дипломатия: жаңы доор, жаңы мамилелер” аттуу Анталья дипломатиялык форумуна катышты.
Баш катчы эл аралык уюмдардын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө талкуулоосуна катышты. Ал эл аралык мамилелер тутумундагы парламенттер аралык уюмдардын ролу жана алардын натыйжалуулугу жөнүндө пикирин айтты, диалог жана интеграция үчүн ийкемдүү куралдарды камсыз кылган парламенттик дипломатиянын маанилүүлүгүн дагы тастыктады. Мамаюсупов мырза эл аралык институттардын ортосунда тыгыз өз ара аракеттенүү зарылдыгын баса белгиледи.
Форумдун алкагында Баш катчы мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери – Мевлют Чавушоглу (Түркия), Джейхун Байрамов (Азербайжан), Мухтар Тилеуберди (Казакстан), Руслан Казакбаев (Кыргыз Республикасы), Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Акиф Чагатай Кылыч, Кара деңиз экономикалык кызматташтык Парламенттик Ассамблеясынын Баш катчысы Асаф Гаджиев, Азия Парламенттик Ассамблеясынын Баш катчысы Мохаммад Реза Мажиди мырза, ошондой эле Түрк кызматташтык уюмдарынын башчылары менен жолугушуп тараптарды кызыктырган маселелер жөнүндө пикир алмашышты.
Анталья дипломатиялык форум – бул саясий лидерлердин, депутаттардын, министрлердин, дипломаттардын, эл аралык уюмдардын, ар кандай мекемелердин жана илимий чөйрөлөрдүн башчылары менен өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги жолугушуусу.
18-июнда Түркия Республикасынын Президенти мырза Режеп Тайип Эрдоган жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу форумда сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын программасында бир катар региондук жана глобалдык көйгөйлөрдү камтыган тематикалык дебаттар орун алды. Катышуучулар региондук кызматташтык, коопсуздук, энергетика, парламенттик дипломатия, региондук уюмдардын натыйжалуулугу, гендердик жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча пикир алмашышты.