Бакуда “Жашоого жарактуу жана туруктуу мурас шаарлары” аттуу эл аралык конференция өттү
Дата
Көрүү
158
2023-жылдын 10-октябрында Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу Сакы Садыков “Ичеришехер” мамлекеттик тарыхый-архитектуралык корук башкармалыгы жана Түрк мамлекеттердин уюму биргелешип уюштурган “Жашоого жарамдуу жана туруктуу мурас шаарлар” деген темада эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чаранын ачылыш аземине Азербайжандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери, эл аралык уюмдардын жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Конференцияда тарыхый шаарларды башкаруу, тарыхый эстеликтерди сактоо жана реставрациялоо, туруктуу туризм, тарыхый шаарлар менен коруктардагы санариптик трансформация, музей ишин уюштуруу жана башка маселелер талкууланды.