Бакуда Жаш парламентарийлер тобунун үчүнчү жыйыны өттү
Дата
Көрүү
155
2024-жылдын 5-июнунда Баку шаарында Түркпынын он үчүнчү пленардык отурумунун алкагында Жаш парламентарийлер тобунун "ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин жаштардын физикалык жана психикалык көйгөйлөрү" темасында үчүнчү жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекет катары Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) парламентарийлери катышкан.
Жыйын Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү, Топтун жетекчиси Эмре Чалышкан мырзанын жетекчилиги астында болуп өттү. Өзүнүн ачылыш сөзүндө Топтун жетекчиси жыйынды уюштургандыгы үчүн Милли Межлиске ыраазычылык билдирип, бул жолугушуунун орток келечектин кепилдиги болуучу жаштар үчүн саламаттык сактоо саясатына жана иш-аракеттерине баа берүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк болоруна ишенерин билдирди.
Жыйында Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөлөрү Анар Мамедов жана Алиаббас Салахзаде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Самаков, Түндүк Кипр Түрк Республикасы Жыйынынын депутаты Фиде Күршат да сөз сүйлөштү.
Семирүү, баңгилик, туура эмес тамактануу, кыймылсыз жашоо жана жугуштуу оорулар сыяктуу жаштардын ден соолугуна байланыштуу өсүп жаткан көйгөйлөргө токтолгон Чалышкан мырза ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин жаштарынын саламаттыгын сактоо жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу чаралары боюнча мындан аркы кызматташуунун зарылдыгын белгиледи.
Ал мындан ары да жаштардын сергек жашоосу үчүн биргелешип иш алып барарына ишенимин билдирди.
Топ өзүнүн тиешелүү отчет жана сунуштамаларын кабыл алды жана ТҮРКПАнын Он төртүнчү пленардык отурумунун алкагында Казакстан Республикасында өтүүчү төртүнчү отурумунун темасын аныктады.