TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Бакуда ТҮРКПАнын Он үчүнчү пленардык отуруму өттү

Бакуда ТҮРКПАнын Он үчүнчү пленардык отуруму өттү

Дата
Көрүү
157
2024-жылдын 6-июнунда Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин уюштуруусунда ТҮРКПАнын он үчүнчү пленардык отуруму болуп өттү. Пленардык отурумдун темасы “Түрк дүйнөсү үчүн жашыл горизонт: жашыл күн тартибине жетишүүдө парламенттердин ролу” болду. Иш-чарага мүчө жана байкоочу парламенттердин делегациялары, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин, түрк кызматташтык уюмдарынын, байкоочу уюмдардын жана башка институттардын, тагыраак айтканда, Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ), Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагы (КК ПТ), Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясы (КДЭКУПА), ИКУга мүчө-мамлекеттердин Парламенттик союзу (ИКУПС), Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференция (АӨИЧК), КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы (КМШ ПА), Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму (АКИУ), Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор союзу (ТДИАС), Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана КМШ ПААнын ДӨМЭИ Баку филиалыныy өкүлдөрү катышты. ТҮРКПАнын учурдагы Төрайымы, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова ачылыш сөзүн сүйлөдү. Мүчө парламенттердин башчылары – Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, ошондой эле байкоочу катары Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары Марта Матраи жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Ассамблеясынын Төрагасы Зорлу Төре, конок катары Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева пленардык отурумдун жүрүшүндө сөз сүйлөдү. Он үчүнчү пленардык отурумдун күн тартибине туруктуу комиссиялардын баяндамаларын жана сунуштамаларын, “Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө”, Эмгек рыногунун талаптарына ылайык кадрларды даярдоо”, “Тамеки заттарын колдонууну чектөө жөнүндө”, “Соода-сатык өкүлчүлүктөрү жөнүндө” жана “Жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын коопсуздугунун жана сапатынын негиздери жөнүндө” моделдик мыйзамдарын карап чыгуу жана кабыл алуу, ТҮРКПАнын шайлоо жана референдумдарга байкоо жүргүзүү миссияларынын жыйынтыктоочу отчетторун бекитүү, комиссиялардын төрагаларын жана төрага орун басарларын, ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басарын шайлоо кирген. Ассамблея пленардык отурумда сунушталган Аял парламентарийлер тобунун жана Жаш парламентарийлер тобунун отчет жана сунуштамаларын эске алды. Он төртүнчү пленардык отурумду 2025-жылы Казакстан Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынган. Он үчүнчү пленардык отурум Баку декларациясын кабыл алуу менен аяктады. Он үчүнчү пленардык отурумдан соң парламенттик делегациялардын башчыларынын катышуусунда пресс-брифинг болуп өттү.