Бакуда ТҮРКПАнын 15 жылдыгына арналган конференция жана салтанаттуу кече болуп өттү
Дата
Көрүү
162
2023-жылдын 21-ноябрында ТҮРКПА Баку шаарында түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган “ТҮРКПАнын 15 жылдыгы: өткөндүн тажрыйбасы, бүгүнкү реалдуулуктары жана келечеги” деген темада конференция уюштурду.
Иш-чарага түрк мамлекеттердин парламенттик делегациялары, парламенттер аралык уюмдардын, түрк кызматташтык уюмдарынын жана башка өнөктөш мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле түрк мамлекеттердин Баку шаарында аккредиттелген дипломатиялык миссияларынын башчылары катышты.
Ачылыш сөзүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр катышуучуларды куттукап, ТҮРКПАнын өткөн он беш жылы Уюмдун келечектеги ишмердүүлүгү үчүн бекем пайдубал болуп, чоң тажрыйба болгонун белгиледи. Ал Ассамблеянын он беш жылдын ичинде ишке киргизген ар кандай кооперативдик механизмдер жана форматтар тууралуу айтып берди.
Башкы катчы ТҮРКПА Түрк дүйнөсүндө тез өнүгүп жаткан кызматташтык процесстеринин башында турганын жана он беш жылдык позитивдүү тажрыйба жана учурдагы реалдуулуктар Ассамблеянын алкагындагы кызматташтыктын жаркын келечегине ишеним менен кароого мүмкүндүк бергенин баса белгиледи.
ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Бекир Боздаг, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү Осман Местен жана Тахир Акюрек, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөлөрү Малахат Ибрахимгизи жана Фазил Мустафа, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастанбек Джумабеков, ТҮРКПАнын мурдагы Башкы катчысы, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Рамил Хасан, Жер Ортолук деңизинин Парламенттик Ассамблеясындагы Түркия делегациясынын башчысы Атай Услу, Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Башкы катчысы Асаф Гаджиев, Түрк Академиясынын Президенти Шахин Мустафаев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Биринчи президенти Гүнай Афандиева, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары Сади Жафаров, АӨИЧКнын Башкы катчысынын орун басары Жанг Линг, КМШ ПАА Башкы катчысынын орун басары Айдын Жафаров, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Алпаслан Жейлан, Түрк Соода-өнөр жай палаталары биримдигинин (ТСПБ) Директорлор кеңешинин мүчөсү Мамед Мусаев жана ТДМБнын Башкы катчысы Фахри Солак конференцияда сөз сүйлөштү.
Конференция үй-бүлөлүк сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Ушул эле күнү ТҮРКПА түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата түрк мамлекеттердин парламенттик делегацияларынын, парламенттер аралык уюмдардын, түрк кызматташтык уюмдарынын, өнөктөш мекемелердин жана Баку шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн катышуусунда рамий кабыл алуу өткөрдү.
Кабыл алууда конокторго Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр жана Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрагасынын биринчи орун басары Али Хусейнли сөз сүйлөштү.
Иш-чарада конокторго ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү тууралуу видеотасма жана музыкалык программа тартууланды.