TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Бакуда “ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде адам укуктарынын корголушу” аттуу конференция болуп өттү

Бакуда “ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде адам укуктарынын корголушу” аттуу конференция болуп өттү

Дата
Көрүү
134
2022-жылдын 25-майында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси, ТҮРКПА жана Азербайжан Республикасынын Акыйкатчы институту биргелешип түрк тилдүү мамлекеттердин парламентарийлеринин жана акыйкатчыларынын катышуусунда “ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде адам укуктарынын корголушу” деген темада конференция өткөрүштү. ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын алкагында өткөрүлгөн иш-чара Азербайжан Республикасынын Акыйкатчы институтунун 20 жылдыгына арналып, Милли Мажлистин уюштуруусунда өткөрүлдү. Программада ачылыш сессиясы, “Адам укуктарын коргоодо парламенттердин ролу” жана “Акыйкатчы институттарынын эффективдүү иш жүргүзүүсү максатында мыйзамдарды өркүндөтүүнүн маанилүүлүгү” аттуу эки сессия жана жыйынтыктоочу сессия камтылган. Ачылыш аземинде Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Адам укуктары боюнча комитетинин Төрагасы Захид Оруж мырза, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырза, Азербайжан Республикасынын Адам укуктары боюнча комиссары (Акыйкатчы) Сабина Алиева айым жана ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы Эрол Кая мырза сөз сүйлөштү. Конференциянын сессияларында уюмга мүчө мамлекеттердин, ошондой эле Өзбекстандын парламентарийлери жана акыйкатчылары демократиялык баалуулуктарды колдоо жана мыйзамдарды сыйлоо жана бул жааттагы билим менен бөлүшүүнүн маанилүүлүгү, гендердик теңчилик, адам укуктарын коргоо жаатындагы негизги улуттук кызыкдар тараптар катары парламенттердин жана акыйкатчы мекемелеринин ролу контекстинде адам укуктарын коргоо маселесин талкуулоого басым жасашты. Катышуучулар бул жаатта өз парламенттеринин жана мекемелеринин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат беришти. Конференциянын алдында 24-майда катышуучулар Азербайжандын маданий борбору жана Түрк дүйнөсүнүн 2023-жылдагы маданий борбору Шуша шаарына барышкан.