Бакуда ТҮРКПА Кеңешинин жыйыны өттү
Дата
Көрүү
160
2024-жылдын 6-июнунда Баку шаарында ТҮРКПАнын он үчүнчү пленардык отурумунун алкагында Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин уюштуруусунда Ассамблея Кеңешинин отуруму болуп өттү.
Кеңештин мүчөлөрү: Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сурея Эр жыйынга катышты.
ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуштун ачылыш сөзүнөн кийин ТҮРКПАдагы Төрагалыкты Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынан Азербайжан Республикасынын Милли Межлисине өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө парламенттердин башчылары сөз сүйлөштү. Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова ТҮРКПАнын жаңы Төрайымы катары Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагалыгы учурундагы ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн түрк кесиптешине ыраазычылык билдирди.
Кеңеш күн тартибиндеги талкууланган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алды. Кеңеш ТҮРКПАнын Шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүү миссияларынын жыйынтыктоочу отчетторунун долбоорлорун, Он үчүнчү пленардык отурумдун күн тартибинин жана Баку декларациясынын долбоорлорун жактырды, ошондой эле Ассамблеянын жаңы желегин жана логотибин бекитти.
Ассамблея Кеңеши туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана төрага орун басарларынын, ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары кызматтарына талапкерлерди жактырды жана ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын катчысын шайлады.