Бакуда түрк мамлекеттердин парламенттеринин эл аралык иштер боюнча комитеттеринин төрагаларынын жыйыны өттү
Дата
Көрүү
152
2024-жылдын 25-апрелинде Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Межлиси тарабынан уюштурулган Түрк мамлекеттердин парламенттеринин Тышкы иштер боюнча комитеттеринин төрагаларынын жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламенттеринин Тышкы иштер боюнча комитеттеринин төрагалары жана төрага орун басарлары, ТҮРКПАнын Башкы катчысы жана башка кызмат адамдары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Тышкы жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин Төрагасы Самад Сейидов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары Айдос Сарым, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары Лейла Лурова, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Фуат Октай, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин Төрайымы Дилором Фавзиева, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Ассамблеясынын Укуктук, саясий маселелер жана тышкы байланыштар боюнча комитетинин Төрагасы Ясемин Өзтүрк жана ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр сөз сүйлөштү.
Катышуучулар түрк мамлекеттердин саясий, экономикалык, социалдык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүдөгү парламенттик дипломатиянын маанисин жана парламенттер аралык деңгээлде түрк мамлекеттеринин боордоштук жана достук мамилелерин чыңдоодогу олуттуу аянтча катары ТҮРКПАнын ролун баса белгилешти.
Түрк мамлекеттердин ортосундагы ар кандай деңгээлдеги байланыштарды активдештирүү, ТҮРКПАнын алкагында байланыштарды кеңейтүү жана регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Катышуучулар парламенттер аралык достук топторунун алакаларды чыңдоодогу ролунун маанилүүлүгүн да баса белгилешти.
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр өз сөзүндө дүйнөдө болуп жаткан саясий окуялардын, чыңалуулардын жана жаңы чакырыктардын фонунда парламенттик дипломатиянын маанилүү ролуна токтолду. Ал түрк мамлекеттердин кызматташууга болгон күчтүү эрки түрк кызматташтыгынын парламенттик өлчөмү катары ТҮРКПАнын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө түрткү жана динамизм бергенин белгиледи. Башкы катчы эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча позицияларды координациялоодо мындай жолугушуулардын кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болоруна ишенерин билдирди.
Иш-чара чогуу сүрөткө түшүү менен аяктады.