TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Бакуда парламенттердин аппарат жетекчилеринин жыйыны өттү

Бакуда парламенттердин аппарат жетекчилеринин жыйыны өттү

Дата
Көрүү
160
2024-жылдын 6-июнунда Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинде ТҮРКПАнын Он үчүнчү пленардык отурумунун алкагында парламенттердин аппарат жетекчилеринин Баку жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Аппарат жетекчиси Фарид Гаджиев, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Аппарат жетекчиси Ренат Айтаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Аппарат жетекчиси Талип Узун жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси Сенатынын Аппарат жетекчиси Кудрат Нуруллаев (онлайн форматта), ошондой эле мүчө-парламенттердин, Венгриянын Улуттук Жыйынынын жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Конокторду куттуктап, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин аппарат жетекчиси Фарид Гаджиев ТҮРКПАнын он үчүнчү пленардык отуруму жаңы реалдуулуктарга байланыштуу келип чыккан тарыхый мезгилге туш келгенин айтты. Милли Межлистин Аппаратынын жетекчиси: "ТҮРКПА мүчө жана шериктеш мамлекеттерде гана эмес, дүйнө деңгээлинде чоң кадыр-баркка ээ. Уюм дүйнөдөгү эң абройлуу эл аралык уюмдар менен эффективдүү кызматташтыкты бекемдөө үчүн глобалдык парламенттик диалогду жүргүзүүгө көмөктөшүп, парламенттик дипломатияны өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. ТҮРКПА түрк дүйнөсүндө гана эмес, заманбап эл аралык мамилелер системасында да татыктуу орунду ээлейт", - деп белгилеп кетти Гаджиев мырза. Катышуучулар ТҮРКПАнын Он үчүнчү пленардык отурумунун темасы боюнча талкууларды жүргүзуп жатып “жашыл күн тартибин” ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын жана кызматташтыктын потенциалын жигердүү колдонуунун маанилүүлүгүнө токтолушту. Парламенттердин администрацияларынын ортосундагы кызматташтык маселелери, атап айтканда, парламенттер аралык тажрыйбаны жана маалымат алмашууну кеңейтүү, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана басма сөз кызматтарынын өз ара аракеттенүүсү маселелери талкууланды. Иш-чара эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашуу менен уланды.