Бакуда “Дайынсыз жоголгон адамдардын тагдырын тактоо боюнча улуттук жана глобалдык аракеттерди жогорулатуу” аттуу эл аралык конференция өттү
Дата
Көрүү
165
2023-жылдын 18-сентябрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Баку шаарында өткөн “Дайынсыз жоголгон адамдардын тагдырын тактоо боюнча улуттук жана глобалдык аракеттерди арттыруу” аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Конференция туткундар, барымтадагылар жана дайынсыз жоголгондор боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан зордук менен дайынсыз жоголгондордун эл аралык күнүнө карата уюштурулган.
Иш-чарага Азербайжандын мамлекеттик ишмерлери, мурдагы мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, ошондой эле башка чет элдик коноктор катышты.
Жыйындын ачылышында Президент Илхам Алиевдин конференциянын катышуучуларына кайрылуусу окулду. Президент Илхам Алиев өз сөзүндө дайынсыз жоголгондордун көйгөйүн Азербайжандын алдында турган эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири катары белгилеп, конференция дайынсыз жоголгон адамдардын тагдырын тактоо боюнча курч маселеге эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга жардам берерине ишенимин билдирди.
Конференциянын күн тартибинде дүйнөдөгү дайынсыз жоголгондор тууралуу кыска метраждуу тасма, панелдик талкуулар жана коноктордун сүйлөгөн сөздөрү орун алды.