TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Бакуда Аял парламентарийлер тобунун үчүнчү жыйыны өттү

Бакуда Аял парламентарийлер тобунун үчүнчү жыйыны өттү

Дата
Көрүү
174
2024-жылдын 5-июнунда Баку шаарында ТҮРКПАнын Он үчүнчү пленардык отурумунун алкагында “Аялдар – экономиканын негизи, ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде ишкердиктин кыймылдаткыч күчү” деген темада ТҮРКПАнын Аял парламентарийлер тобунун үчүнчү жыйыны болуп өттү. Жыйынды Топтун жетекчиси, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Зейнеп Йылдыз алып барды. Иш-чарага ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдөн, ошондой эле Өзбекстан Республикасынан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан (ТКТР) аял парламентарийлер катышты. Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү Малахат Ибрахимгызы, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү Садагат Валиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Чолпон Султанбекова, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын мүчөсү Гулнора Маруфова, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын мүчөсү Умидахон Закирова, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин мүчөсү Излем Гүрчаг Алтугра жыйындын жүрүшүндө сөз сүйлөштү. Катышуучулар түрк дүйнөсүндөгү аялдардын маанилүү ролуна токтолуп, алардын улуттук экономикага жана социалдык өнүгүүгө кошкон зор салымын баса белгилешти. Алар ишкер аялдардын санынын оң өсүп, инклюзивдик жана туруктуу өнүгүү үчүн эмгекке активдүү катышып жатканын белгилешти. Аял парламентарийлер түрк мамлекеттериндеги аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана бардык тармактарда, өзгөчө ишкердик чөйрөсүндө аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча көрүлүп жаткан маанилүү чаралар боюнча пикирлерин жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ошондой эле аялдардын ишкердигин колдоо жана жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн тиешелүү ченемдик-укуктук базаны андан ары өнүктүрүү зарылчылыгы баса белгиленди. Жыйындын жүрүшүндө жалпы кызыкчылыкты туудурган маселелерди талкуулоо үчүн парламенттер аралык аянтча катары ТҮРКПАнын ролу да баса белгиленди. Топ тиешелүү отчет жана сунуштамаларды кабыл алып, ТҮРКПАнын Он төртүнчү пленардык отурумунун алкагында Казакстан Республикасында өтө турган төртүнчү отурумунун темасын аныктады.