Азербайжандын Жазуучулар союзунун төрагасы Башкы катчы менен жолугушту
Дата
Көрүү
121
2018-жылдын 26-январында Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Азербайжандын Жазуучулар союзунун төрагасы, белгилүү жазуучу, драматург жана кинорежиссер Анар Рзаев менен жолугушту.
Мамаюсупов мырза Анар Рзаев менен ТҮРКПАнын алдыдагы долбоорлору тууралуу, Кыргызстандын жана жалпы эле түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу жана ойчулу болгон Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине байланышкан иш-чараларды уюштуруу боюнча ой бөлүштү.
Ошондой эле тараптар келечекте биргеликте ишке ашырылышы мүмкүн болгон долбоорлор тууралуу да кеп козгошту.