TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Лачынга сапар уюштурулду

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Лачынга сапар уюштурулду

Дата
Көрүү
141
2023-жылдын 24-июнунда ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын катчысы Бауыржан Даткаев Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Лачын районуна уюштурган сапарына катышты. Сапарга 33 өлкөдөн жана 10 эл аралык уюмдан 60ка жакын дипломат жана аскердик атташе катышты. Меймандар Лачында жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо жана жашылдандыруу иштери менен таанышып, биринчи турак-жай комплексинде, ошондой эле курулуп жаткан агроөнөр жай паркында болушту. Иш-чаранын катышуучуларына Хакари дарыясынын жээгинде курулган "Лачин бульвары" жана Забух айылындагы курулуш иштери тууралуу кеңири маалымат берилди. Сапардын катышуучулары ошондой эле Зангилан районунун Агали айылына да барышып, ишке ашырылып жаткан "Акылдуу айыл" долбоору менен таанышты.