Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Калбажарга сапар уюштурду
Дата
Көрүү
133
2022-жылдын 31-майында Башкы катчынын орун басары Фуад Алакбаров Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Азербайжандын Калбажар облусуна уюштурулган сапарга катышты. Сапарга 50дөн ашык өлкөдөн жана 10 эл аралык уюмдардан 80ден ашуун дипломаттар жана аскердик атташелер катышты.
Сапардын максаты дипломаттарды оккупациянын кесепеттери жана бошотулган аймактардагы калыбына келтирүү процесси жөнүндө маалымат берүү болгон.
Сапардын алкагында дипломаттар 2024-2025-жылдары бүткөрүлүшү пландалган Муровдаг тоо кыркасы жана Тоганали-Калбажар-Истису автожолу аркылуу өтүүчү тоннелдердин курулушунун жүрүшү, ошондой эле оккупация учурунда толук талкаланган эки гидроэлектростанцияны калыбына келтирүү иштери менен таанышышты.