Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Агдамга сапар уюштурду
Дата
Көрүү
155
2023-жылдын 16-августунда Башкы катчынын орун басары Ноорузбек Арстанбеков жана Комиссиянын катчысы Кадир Яман Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Агдам шаарына уюштурулган сапарга катышты.
Сапардын максаты Агдам шаарында жүргүзүлүп жаткан реконструкция, курулуш, инфраструктура жана жол салуу иштери менен жакындан таанышуу болгон. Программага дипломаттар, аскердик атташелер жана Азербайжанда аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Катышуучуларга региондун жол инфраструктурасынын потенциалы, өзгөчө Агдам-Ханкенди автожолу жана Барда-Агдам темир жолу тууралуу маалымат берилди. Азербайжан Республикасынын Президентинин жардамчысы, Президент Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмат Гажиев белгилегендей, Агдам-Ханкенди автожолу Карабактын армян тургундарынын Азербайжандын саясий, социалдык, экономикалык жана маданий жашоосуна реинтеграциясынын бир бөлүгү катары каралат.
Андан соң катышуучулар Агдамдын конференц-борборуна барышып, экологиялык жашылдандырууну камтыган ишке ашырылып жаткан долбоорлордун комплекси менен таанышышты.