TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Азербайжандын Президенти ТҮРКПАнын Башкы катчысын жана ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү Миссиясынын башчысын кабыл алды

Азербайжандын Президенти ТҮРКПАнын Башкы катчысын жана ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү Миссиясынын башчысын кабыл алды

Дата
Көрүү
165
2024-жылдын 8-февралында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырзаны жана ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Осман Местен мырзаны кабыл алды. Президент Илхам Алиев ТҮРКПА Миссиясына шайлоого байкоочу катары катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Шайлоонун тарыхый маанисин белгилеген мамлекет башчысы үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге Ханкенди шаарында добуш берүүгө катышканын баса белгиледи. ТҮРКПАнын делегациясы мамлекет башчысын президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктады. Алар Миссиянын Шуша жана Ханкенди шаарларында добуш берүү процессине байкоо жүргүзгөнүн канааттануу менен белгилешти. ТҮРКПАнын делегациясы Азербайжан элинин Карабактагы жеңиши бүткүл түрк дүйнөсүнүн жеңиши экенин белгиледи. Тараптар түрк дүйнөсүнүн бардык тармактарында кызматташууну тереңдетүүнүн жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.